Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 18- сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 27

Капташтарды оӊдоо жѳнүндѳ

Аймактагы жалпы тургундардын, малчылардын кайрылууларын карап, Депутаттардын Кууганды айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Аймактагы Сакалды, Жалгыз тал, Оро башы, Тегерек ѳзѳнүндѳгү капташтардын цементтери, суу келүүчү арыктары, трубалары талкаланып калгандыктан, аларды оӊдоо максатында айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 50 000 (элүү миң ) сом акча каражаты бѳлүнсүн.

 

2.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго, жайыт комитетинин тѳрагасы О.Сейталиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ф.К.Токушев