Редакцияот 17.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 21-отуруму

2023-жылдын 17-майы № 21/1

2023-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын мөөнөтүндө өткөрүүдө жазгы айдоо,себүү минералдык жер семирткичтер жана сапаттуу уруктар менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистин жана айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 2-пунктунун 13-пунктчасына жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө 10-беренесинин 2-пунктчасына ылайык

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2023-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын мөөнөтүндө өткөрүүдө жазгы айдоо, себүү минералдык жер семирткичтер жана сапаттуу уруктар менен камсыз кылууда айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.  Айыл өкмөтүнүн жер адисинин жер маселелери боюнча аткарып жаткан иштери канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.

3.  Жер адисинин аткарып жаткан иштериндеги кеткен кемчиликтерди тез арада жөнгө салуу, берилген баа боюнча чечим кабыл алуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Т.Бегматов