Редакцияот 17.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезектеги 21-отуруму

2023-жылдын 17-майы № 21/2

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана 1-4 класстардагы балдарга ысык тамак берүүнүн абалы №18, №35 м.ч.б.б мекемесинде тарбияланып жаткан балдарга тарбия берүүдө тарбиячылардын уюштуруучулук иштери жана камкорчулук кеңеши тарабынан түшкөн акча каражаттардын туура пайдаланышынын абалы жөнүндө

Саламаттык сактоо,социялдык,маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын талкуусун угуп.

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана 1-4 класстардагыбалдарга ысык тамак берүүнүн абалы №18,№35 м.ч.б.б мекемесинде тарбияланып жаткан балдарга тарбия берүүдө тарбиячылардын уюштуруучулук иштери жана камкорчулук кеңеши тарабынан түшкөн акча каражаттарын туура пайдаланышынын абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

 

2.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы №23 М.Ташиев атындагы орто мектебинин жана №18, №35 м.ч.б.б мекемесинде айрым кетирилип жаткан кемчиликтерди тез аранын ичинде жөнгө салуу мектеп директорлоруна жана бала бакча башчыларына милдеттендирилсин.

 

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин саламаттыкты сактоо, социялдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Бегматов