КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 21-отуруму
2023-жылдын 17-майы № 21/4
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынын жашоочусу жакыр үй-бүлөөдө турган көп балалуу Самиев Рыскулдун арызынын негизинде айыл өкмөтү тарабынан жардам көрсөтүү максатында жер тилкесин берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна ылайык
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынын жашоочусу жакыр үй-бүлөөдө турган көп балалуу Самиев Рыскулга жардам көрсөтүү үчүн Арпа-Тектир айылынан 400,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөттөн суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Пасаңовго милдеттендирилсин.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Бегматов. |