КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-отуруму
2023-жылдын 15-июну № 22/1
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылдын II-кварталына чыгаша бөлүгүнүн такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ж.Исакованын билдирүүсүн угуп,
Коңур –Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык , Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылдын II-кварталына бекитилген сметасына Республикалык бюджеттен максаттуу трансфертке киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
№ | Берененин аталышы | Берене | Бардыгы | II-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Максаттуу трансферт | 13321100 | 4651,0 | 4651,0 |
|
| Бардыгы |
| 4651,0 | 4651,0 |
|
2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | Бардыгы | II-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | |||||
70491 | Экономикалык маселелер | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 4651,0 | 4651,0 |
|
|
| Бардыгы |
| 4651,0 | 4651,0 |
|
3. Жогорудагы акча каражатын 2023-жылдын II-кварталына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жагы айыл өкмөт башчысы З.Каримовго жана ФЭБ башчысы Ж.Исаковага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы : |
Т.Бегматов |