Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектүү он төртүнү сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 1

Жекенди айылдык аймагынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Жекенди айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Жекенди айылдык аймагынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 26669,4 миң сомго, бюджеттин чыгаша бөлүгү 25031,0 миң сомго аткарылгандыгы жактырылсын.

 

2. Жекенди айылдык аймагынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүкөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айылдык аймактын башчысы Б.Нышанбаевдин доклады канаатандырарлык деп табылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Б.Нышанбаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Абдукалилов