ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын тогузунчу кезектеги сессиясы
2023-жылдын 24-февралы № 9
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 21.02.2023-жылдагы № 01-19/47 сандуу катын кароо жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын Чекенди-Талаа участкасындагы № 2059 контурундагы коомдук курулуштар эсебиндеги 0,08 га жер аянтыны муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 21.02.2023-жылдагы № 01-19/47 сандуу катын угуп жана талкуулап
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын Чекенди-Талаа участкасындагы № 2059 контурундагы коомдук курулуштар эсебиндеги 0,08 га жер аянты муниципалдык менчик деп таанылсын.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылууну Жекенди айылдык кеңешинин өнөр-жай курулуш, инвестиция жана социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Тажакмат уулу Имамидинге тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |