КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 23-майы № 2
“Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшкөн акча каражатын жылдыруу жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 07-мартындагы кезексиз VI сессиясынын 1-токтому менен кабыл алынган кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акысы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу киреше бөлүмүнө түшкөн 510,4(беш жүз он миң төрт жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын.
А).Жашылдандыруу-көрктөндүрүү үчүн көчөт алуу -58,8 сом
Б).Ички иштер кызматкерлеринин колдоо үчүн -20,0 сом
В).Сухойщель участкасына суу чыгаруу үчүн -50,0 сом
Г).Кыз-Көл айылында жаңы курулуп жаткан кичи футбол аянтчага технадзордун эмгек акысы үчүн -20,0 сом
Д).К.Жоошбаев көчөсүнө шагал төшөөгө -20,0 сом
Е).Мамбетаипов атындагы ЖББ о.мектебин ашканасын оңдоо -75,0 сом
Ж).Жаңы-Арык айылына сугат суу чыгарууга -30,0 сом
З).Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерге тактоо киргизүүгө -100,0 сом
И).Спортсмендерди колдоо үчүн -10,0 сом
К).Багбандын кызмат акысы үчүн -25,0 сом
Л).Мөмөлүү бакка насос жана шланга алуу үчүн -50,0 сом
М).Б.Камбаров атындагы ЖББ о.мектебинин ашканасын оңдоого -51,6 сом
2.”Жетиген балдар бакчасына ата-энелердин төлөмү бир балага 700 (жети жүз)сомдон, ”Айкөлбир”балдар бакчасына ата-энелерден бир балага 700 (жети жүз)сомдон, “Күн балдары” балдар бакчасына ата-энелерден бир балага 1000 (миң) сомдон ата- энелердин жалпы чогулушунун негизинде бекитилсин.
3.Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчасында балдардын санынын көбөйгөндүгүнө жана ата-энелердин төлөмдөрүнө кошулгандыгына байланыштуу 758,4 (жети жүз элүү сегиз миң төрт жүз) сом киреше киргизилип, кайра төмөндөгүдөй чыгымдалсын.Бюджеттик кодесинин 130-беренесинин негизинде баластуулукту сактоо менен атайын каражаттын чыгымдарынын 2218 беренесине 758,4 (жети жүз элүү сегиз миң төрт жүз) сом чыгымдалсын.
4. Швецария өкмөтү тарабынан Швцария өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы аркылуу каржыланган Хельветас өнүктүрүү саясат институтунан турган уюумдардан каржыланган 18,0 (он сегиз миң) сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын бюдеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген атайын каражаттын учурдагы жардам (1441) беренесинин планы 18 000 сомго,ал эми чыгашы бащкаруу бөлүмүнун 2222 беренесинин планы 18 000 сомго көбөйтүлсүн.
5.2023-жылдын бюджетинде бекитилген айылдык кеңештин концелярдык буюумдарына каралган 80 000 (сексен миң)сом акча каражатынан 50 000 (элүү миң)сом акча каражаты компютер алуу үчүн жылдырылсын.
6.Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекстин 24-беренесине ылайык резервтик фондунун көлөмүн сактоо максатында 2023-жылга бекитилген резервтик фондунан 55 600 (элүү беш миң алты жүз) сом кыскартылып,Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу ички жолдорго шагыл төшөлсүн.
7.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетине өзгөртүү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
8.Токтомдун негизинде каржыланган акча каражатты максаттуу пайдалануу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.
9. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
10. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т.Кушбаков |