Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 23-майы № 9

“Кыз-Көл таза аймак ишканасына жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын Кыз-Көл айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ал-Көйнөк участкасынан «Кыз-Көл таза аймак” муниципалдык ишканасынын кеңсесин куруу үчүн 0,30га жер участогу бөлүнүп берилсин.

 

 2. Керектүү иш кагаздарын даярдап,тактап көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке жүктөлсүн.

 

4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

 

Кыз-Көл айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

К.Т.Кушбаков