КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 23-майы № 12
“Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү жөнүндө”
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34-беренелерин ишке ашырууда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш – чараларды уюуштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жардам корсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №58 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчв башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиги жөнүндө”Жобону карап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүндө жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартиби (мындан ары-Типтүү тартип )иштелип чыксын.
боюнча
2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т.Кушбаков |