ЫССЫК-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл айылдык кенешинин ХХVIII - чакырылышынын – 28 кезексиз сессиясы
2023-жылдын 05-апрели № 58
2023-жылдын жазгы талаачылык айдоо себүү кызмат акылары, жайлоого чыкчу малчылардын кызматын акыларын,жайыттарды пайдалануунун акысы жана айдоо талаа жерлерге мал кирип кеткен үчүн айып пул салуу жөнүндө маселени талкуулап Ысык-Көл айылдык Кеңешинин ХХVIII- чакырылышынын – 28 кезексиз сессиясы Токтом кылат:
1. 2023-жылдын жазгы талаачылык айдоо-себүү тарифтери төмөндөкүдөй бекитилсин:
Жер айдоо | 800 сом, күйүүчү май 20 л; |
Айдоо жерин тырмоо | 200 сом, күйүүчү май 6 л; |
Себүү | 300 сом,күйүүчү май 7 л,(германка) |
Чөптү үрөнгө чабуу | 1000 сом, күйүүчү май 20 л; |
Чөптү чабуу германка | 700 сом, күйүүчү май 7 л; |
Чөптүү тырмоо | 200 сом,күйүүчү май 6 л; |
Эгин чабуу комбайн акысы | 800 сом,күйүүчү май 15 л; |
Пресс | 7 сом,күйүүчү май 7л; |
Айыл ичинен автоунаа акысы 1 рейсине | 200 сом,бензим келишим өлчөмүндө; |
Кырмандагы автоунаа акысы 1рейсине | 100 сом, бензим келишим өлчөмүндө; |
Эгин,чөп ташуу автоунаа акысы 1рейсине | 500 сом,бензин келишим өлчөмүндө; |
2023-жылдын жайыт акылары жана ички, тышкы (жайлоого) жайыттарга чыкчу малчылардын мал багуу кызматынын төмөнкү акылары бекитилсин:
-бодо мал жана жылкыга жайыт комитетине 50 (элүү) сом, токой чарбасына
- 50 сом (элүү) сом, жалпы 100 (жүз) сом.
-Кой-эчкиге 1 башына жайыт комитетине 12,5 (он эки сом элүү тыйын) жалпы 25 сом
Айылдын жанындагы жайыттардын акысы
Жайыт акысы бодо малга | 100 сом
|
Ысык-Көл айыл аймагына тиешелүү алыскы жайыт тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жайыт акысы: жылкы, бодо малга | - 100 сом; кой, эчки 25 сом; |
|
Бел-Кара-Сууга | - 100 сом. |
|
Жайлоодо мал багуу кызматы Каркыра | - жылкы,бодого 550 сом; |
|
Алыскы жайытка чыгуусу субай | -жылкы бодого | 550 сом |
| - кой,эчки | 120 сом; |
Уй бада |
| - 400 сом |
3. Мал багып жаткан малчыга милдеттендирилсин :
а) Малды жоготуп жиберсе төлөйт.
б) Минип жүрсө эскертүү,кийин 2-3 жолу минсе айып пул салынсын.
4. Жайыт аздыгына байланыштуу малчылар башка айыл аймагынан мал алып келип бакса - 10000 миң сом айып пул салынсын.
5. Малдар айдоо жерлерге кирип кеткен үчүн айып пул төмөнкүдөй бекитилсин:
Биринчи жолу түшкөн бодо мал жана жылкы | - 500 сом/1 башына |
Биринчи жолу түшкөн кой, эчки | - 100 сом/1башына |
Биринчи жолу түшкөн канаттуулар | - 100 сом/1 башына |
Экинчи жолу түшкөн бодо мал жана жылкы | - 1000 сом/1 башына |
Үчүнчү жолу түшкөн бодо малга жана жылкы | -5000 сом 1/башына. |
6. Кырмандан үрөн тазалоо акысы:
Экспарцет 1 тонна - 800 сом
Эгин 1 тонна - 400 сом
7. Ысык-Көл айыл аймагына тиешелүү Ысык-Көл жана Ынтымак айылдарынын мал жандыктарын алыскы жайытка көчүп кетүү жана кайра көчүп келүү мөөнөттөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Алыскы жайытка көчүп кетүү 2023-жылдын майдын 5-10на чейин.
- Алыскы жайыттан көчүп келүү жагы 1-сентябрь айынан кийин.
- Жайлоого өз убагында көчпөй койгон жана эрте көчүп келип алган малчыларга ар бир бодо мал башына 1000 сом айып пул, ал эми кой баласы башына 200 сом айып пул салынсын.
- Жайыттарды жана чөп чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу –
- жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө 7500 сом айып пул салынсын.
7. Токтом нормативдик укутук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилиши үчүн каттоого Ысык-Көл облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн жана каттоодон өткөрүү жагы жоопту катчы Нурлан к.Заринага жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык реформа, жаратылыш, экология, өнөр жай, архитектура, курулуш,транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Ч. Саяков |