Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тогуз-Булак айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышын 18 сессиясынын

 

2023-жылдын 26-апрели № 29

 

2023-жылдын жайыттарды пайдалануунун наркы жөнүндө

 

1. 2023-жылына карата жайлоого багуу жана айыл ичиндеги бада акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:

- Бодо мал (уй) 500 (беш жүз) сом,

- Жылкы 600 (алты жүз) сом,

- Кой-эчки 100 (жүз элү) сом,

- Бада 350 (төрт жүз) сом.

2. 2023-жылына карата жайлоо жайыттарын пайдалануу боюнча мал башына төмөнкүдөй жайыт акысы бекитилсин:

- Айыл конушуна тиешелүү жайыттар (присельный) бада 150 (жүз элү) сом,

- тузу, жайыт акысы ичинде.

- Интенсивдүү жайыттар Токтоян кой-эчки 50 (элү ) сом, Чымынды-Сай бодо жылкы 150 (жүз элү) сом, тузу жайыт акысы ичинде.

- Алыскы жайыттар (Кичи Жылаңач) бодо жылкы 100 сом, кой-эчки 20 (жыйырма) сом, тузу жайыт акысы ичинде.

3. Айдоо жерлерге ар бир  кирип кеткен мал башы үчүн айып пул төмөнкүдөй бекитилсин:

- Бодо мал (уй, жылкы) 1 башына 1000 (миң) сом

- Кой-эчки 1 башына 200 (эки жүз) сом.

4. Жайлоого жайыт акысын төлөбөстөн өзүм билемдик кылып жайгашып алган малчыларга жана башка аймактын малын кошуп  алгандарга ар бир мал башы үчүн төмөнкүдөй айып пул бекитилсин:

- Бодо мал (уй.жылкы) 1 башына 1000 (мин) сом,

- Кой-эчки 1 башына 200 (эки жүз) сом.

5. Жайлоого өз убагында көчпөй койгон эч себепсиз малдарын жайлоого кошпой алып калган малдарга  ар бир мал башы үчүн төмөнкүдөй айып пул бекитилсин:

- Бодо мал (уй.жылкы) 1 башына 1000 (мин) сом,

- Кой-эчки 1 башына 200 (эки жүз) сом.

6. Ал эми эрте көчүп келип алган малчыларга ар бир мал башы үчүн төмөнкүдөй айып пул бекитилсин:

- Бодо мал (уй, жылкы) 1000 (мин) сом,

- Кой-эчки 200 (эки жүз) сом.

7. Жайлоого ортоңку жайыттарга малды чыгаруу 25-апрелден 5-майга чейин көчүрүлсүн, алыскы жайыттарга 15-майдан 25-майга чейин кечиктирилбестен көчүрүлсүн, таза кандуу жылкылар жана койлор 15-июндан кечиктирилбестен көчүрүлсүн.

 

8. Жайлоодон көчүп келүү 5-сентябрдан баштап көчүрүлүп келинсин.

 

9. 3-жылдан бери жайыт акысын төлөбөй жүргөн малчыларга билдирүү берилсин, убагында аткарбагандар укук коргоо органдарына өткөрүлсүн.

 

9. Айылдык Кеңештин бул токтомун Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жагы С.Оморова жүктөлсүн.

 

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Булак айыл өкмөт башчысы М.Борбукова жана туруктуу жер комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ж.Т. Акунов