Редакцияот 02.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 2-июну  №8/2

Талаа-Булак айыл аймагына  бак-дарактарды отургузуу үчүн  жер аянтынын  ѳлчѳмү жѳнүндѳ

Талаа-Булак айыл аймагынын  Дѳң-Алыш,Комсомол айылдарыдагы  Тегирмен,Кош сарай участкаларына бак-дарактарды отургузууга  жер аянтынын  аянтын белгилеп берүү жѳнүндѳ  жер жана турак жай адиси А.Бейшекеевдин  маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер» Кодексинин 18-бернесинин негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талаа-Булак айыл аймагына бак-дарактарды отургузуу үчүн  Дѳң-Алыш, Комсомол айлындагы «Тегирмен » участкасынын №1094 контурундагы 1,0га жана «Кош»  сарай  участксынын  №980 контурундагы  2,0га жалпы 3,0га жер аянтынын орду  белгиленип берилсин.

2.Талаа-Булак айыл аймагына бак-дарактарды отургузуу    жер аянтыны  иш кагаздарын бүткѳрүнү жер,турак-жай адиси А.Бейшекеевга  тапшырылсын           

3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл  чарбасы, жер,  айлана-чойрону    коргоо,   социалдык   маселелер  боюнча  туруктуу  комиссия милдеттендирилсин

 

 

Талаа-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н. Шарабидинов