Редакцияот 02.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 2-июну  №8/3

Талаа-Булак айыл аймагына мүлк салыгын киргизүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы  «Кыргыз Республикасынын  Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳ №4 Мыйзамынын 3-беренесин талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамалекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 34-беренесинин  ылайк  Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы  «Кыргыз Республикасынын  Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳ»  Мыйзамынын  3-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк (жер,кыймылчыз жана кыймылдуу мүлктѳр) салыгы киргизилери белгиленсин.

2.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын  Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳ»  Мыйзамынын  3-беренесине  ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүн толтуруу максатында«Кыргыз Республикасынын  Салык кодексине ылайык 2023-жылдан баштап мүлк (жер,кыймылчыз жана кыймылдуу мүлктѳр) салыгы ѳндүрүү боюнча чараларды кѳрүүнү айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысына тапшырылсын.

 

 

Талаа-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н. Шарабидинов