Редакцияот 02.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 2-июну  №8/4

Пайдалануу мѳѳнѳтү ѳткѳн М-30 үлгүсүндѳгү 122мм гаубицаны  эстелик  катары коюуга жер аянтынын ордун белгилѳѳ жөнүндө

Талаа-Булак айыл аймагынын Дѳң-Алыш айылынын маданият үйүнүн күн чыгыш тарабынан Уулу Ата мекендик согушта курман болгон аталарды эскерүү максатында пайдалануу мѳѳнѳтү ѳткѳн   М-30 үлгүсүндѳгү 122мм гаубицаны эстелик катары коюуга жер аянтын белгилеп берүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн аскердик эсепке алуу боюнча  адиси А.Эмил уулунун маалыматтын  угуп жана райондук архитектура бѳлүмүнүн  01.06.2022-жылдагы №45  сунушун талкуулап   Кыргыз  Республикасынын “ Жер” кодексинин 18- беренесинин негизинде  Талаа-Булак  айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Талаа-Булак айыл аймагынын Дѳң-Алыш айылынын маданият үйүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан эстеликтин күн батыш тарабынан Улуу Ата мекендик согушта курман болгон аталарды эскерүү максатында пайдалануу мѳѳнѳтү ѳткѳн М-30 үлгүсүндѳгү 122мм гаубицаны эстелик катары коюуга 100м2  жер аянтынын орду белгиленип берилсин.

2. Дѳң-Алыш айылынын маданият үйүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан  эстеликтин жанынын эстелик катары коюу  үчүн пайдалану   мѳнѳтү ѳткѳн  М-30 үлгүсүндѳгү  122мм  гаубицанын жер аянтынын иш кагаздарын бүткѳрүнү аскердик эсепке алуу боюнча адиси А.Эмил уулуна тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы,жер айлана-чѳйрѳнү коргоо,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

Талаа-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н. Шарабидинов