Редакцияот 22.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы

2023-жылдын 22-июну № 41

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылына бала-бакча салуу боюнча М. Исмаиловдун сунушун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковдун кайрылуусун жана М. Исмаиловдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылына бала-бакча салып берүү шарты менен жеке менчике 2 га жер аянтын сураган М. Исмаиловдун кайрылуусу канааттандыруусуз калтырылсын.

 

2.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А.А.Энназаров.