Редакцияот 11.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз чакырылышынын - XVI сессиясы

2022-жылдын 11-августу № 21

Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Сары-Булуң айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Жала-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн Уставы” тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Ушул токтом жана Сары-Булуң айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Уставы Сары-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу www.sary-bulun.org.kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомду жана тиркемедеги айыл өкмөтүнүн Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Булуң айылдык кенешинин Регламент депутаттык этика , жаштар,спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрайым

В.М.Эпээва