Редакцияот 30.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга II кезектүү сессиясы

2022-жылдын 30-апрели № VII-II-I

Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылынын ИСКАКБ “Чок-Камыш” таза суусунун жетекчиси Р.Кадыралиевдин 2022-жылга таза суусунун бюджетин бекитүү  жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Токторовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Калинин айылынын ИСКАКБ “Чок-Камыш” таза суусунун 2022-жылга бюджети 330 000 (үч жүз отуз мин) сом болуп бекитилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы ИСКАКБ “Чок-Камыш” таза суусунун жетекчиси Р.Кадыралиевге милдеттендирилсин.

3. Терек-Суу айылынын СООПВ “Беш-Конуш” таза суусунун 2022-жылга бюджети 215 000 сом болуп бекитилсин.

4. Бул токтомду аткаруу жагы СООПВ “Беш-Конуш” таза суусунун жетекчиси Т.Чалбай уулуна милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Токторов