Редакцияот 30.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга II кезектүү сессиясы

2022-жылдын 30-апрели № VII-II-IV

Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылга жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан  түшкөн акча каражатын бекитүү жөнүндө

 

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Токторовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап

 

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылга төмөндөгү  жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан түшкөн

ОсОО “Мүнүшкөр” – 35 000 сом

ОсОО “Чатыр-Таштан” – 105 000 сом

ОсОО “Окчонтойдон” – 250 250 сом

ОсОО “Саамайдан” – 525 000 сом

ОсОО “Бетегеден” – 945 000 сом

ОсОО “Көл-Тетириден” – 490 000 сом, жалпы: 2 350 250 (эки миллион үч жүз элүү мин эки жүз элүү мин) сом акча каражатынын бюджетте бекитилген планынын негизиндеги 550 000 мин сомду эске алуу менен калган 1 800 250 (бир миллион сегиз жүз мин эки элүү) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:

·         188 250 сом  – жашылдандыруу-көрктөндүрүү үчүн көчөттөрдү алуу үчүн

·         50 000 сом – айыл өкмөтүндөгү соц.обьектилерге жана көчө чырактарына энергопаспорт жасатуу үчүн

·         15 000 сом – Калинин айылындагы үДТга, Терек-Суу айылындагы бала бакчага, Терек-Суу айылындагы эски ФАПка мамлекеттик экспертизадан корутунду алуу үчүн

·         6000 сом – Союз МСУга мүчөлүк акы үчүн

·         30 000 сом – Калинин айылындагы мектеп,бала бакчасынын таза суу пайдалангандыгы үчүн

·         600 000 сом – Калинин айылына спорт комплекс курууга  долбоорун жана сметасын түздүрүү үчүн

·         64 545 сом – Калинин айылындагы Т.Адыранов орто мектебиндеги эски короону бузуп, тазалоо үчүн

·         92 000 сом – Калинин айылындагы Т.Алмакунов көчөсүнө лоток алуу үчүн

·         60 000 сом – Калинин айылындагы футболдук аянтчанын газонуна керектүү материал алуу үчүн

·         60 000 сом – Калинин айылындагы китепканага компьютер, принтер алуу үчүн

·         150 000 сом - Терек-Суу айылындагы А.Чортеков орто мектебинин электр бөлүгүнө долбоор жана смета түздүрүү үчүн

·         30 000 сом – Терек-Суу айылындагы эски ФАПты мамлекеттик каттоодон өткөрүп, гос.акты алуу үчүн

·         20 000 сом – Терек-Суу айылындагы мектеп, бала бакчасынын таза суу пайдалангандыгы үчүн

·         40 000 сом – Терек-Суу айылындагы китепканага китептерди алуу үчүн

·         160 000 сом – Терек-Суу айылындагы жаны ФАПтын жылуулук системасын ремонттон өткөрүү үчүн

·         151 455 сом – Терек-Суу айылындагы ветеринардык клиникага расскол куруу үчүн

·         30 000 сом – Терек-Суу айылындагы А.Чортеков орто мектебинин ремонту үчүн

·         23 000 сом – Терек-Суу айылындагы А.Чортеков орто мектебинин таштандысын чыгаруу үчүн

·         30 000 сом – Терек-Суу айылындагы Муса кызы Бейшегүл балдар бакчасынын ремонту үчүн

 

2.    Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Токторов