Редакцияот 08.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга I кезексиз сессиясы

2022-жылдын 8-июлу № VII-I-I

Ак-Талаа айыл аймагына “Органикалык аймак” статусун берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык аймак департаменти аркылуу өткөрүлгөн Республикалык семинарда Ат-Башы районун “Органикалык аймакка” өткөрүү боюнча маселенин маанилүүлүгүн жана семинардын жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлер боюнча

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Токторовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ак-Талаа айыл аймагын  “Органикалык аймакка” өткөрүү максатында Ак-Талаа айыл аймагындагы дыйкан-фермерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

2. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына “Органикалык аймак” статусу берилсин.

3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Токторов