Редакцияот 15.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга IV кезексиз сессиясы

2022-жылдын 15-сентябры № VII-IV-I

Кыргыз Республикасынын  Президентинин 15.08.2022-жылдагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы боюнча жергиликтүү жамааттардан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо  жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Токторовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Ак-Талаа айыл аймагында жергиликтүү жамааттардын Элдик Курултайы 5-ноябрь 2022-жылга чакырылсын.

2.    Айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын делегаттарынын саны 50 адам деп бекитилсин, анын ичинде:

Калинин айылынан – 30 адам;

Терек-Суу айылынан – 20 адам;

3.    Айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарды шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кенештин депутаттары бекитилсин

Калинин айылы – 19.10.2022-жыл саат 14:00 жооптуу Токторов Азамат

Терек-Суу айылы – 20.10.2022-жыл саат 14:00 жооптуу Токторов Азамат

4.    Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда уюштуруу тобунун курамы бекитилсин:

1. Токторов Азамат Акматбекович – айылдык кенештин төрагасы – жумушчу топтун төрагасы

2.Чикеева Перизат Бейшебаевна – а.о кызматкери - жумушчу топтун катчысы

3. Кабылова Бурул – Аксакалдар кенешинин төрайымы - жумушчу топтун мүчөсү

4. Эшимбаева Калбүбү Нааматовна – айылдык кенештин депутаты - жумушчу топтун мүчөсү

5. Бейшебаев Болотбек Асанбаевич – “Элдик көзөмөл” уюмунун мүчөсү - жумушчу топтун мүчөсү

6. Төлөгөн уулу Самат – жаштар уюмунун мүчөсү - жумушчу топтун мүчөсү

7. Исмаилов Рахатбек Шабданалиевич – айылдык кенештин депутаты - жумушчу топтун мүчөсү

8. Жапанов Марат Жумакадырович – айылдык кенештин депутаты - жумушчу топтун мүчөсү

9. Казиева Бактыгүл Нуралиевна - айылдык кенештин депутаты - жумушчу топтун мүчөсү

10. Чанакова Майрамкүл Жумамамбетовна – аялдар кенешинин төрайымы - жумушчу топтун мүчөсү

11. Бегимбаев Улан Асанбекович – Терек-Суу айылынын айыл башчысы - жумушчу топтун мүчөсү

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Токторов