САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 30-январы № XIII/VI
Сары-Ой айыл аймагындагы «Кара-Тагай» СПАнын сугат сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө
2023-жылдан 30-январындагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйындын №2 протоколун эске алып жана «Кара-Тагай» СПАнын жетекчиси Б.Бекмуратовдун сунушталган тарифтерин угуп, талкуулап Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Тагай» СПАнын жетекчиси Б.Бекмуратовдун сугат сууга болгон тарифтерин көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. 2023-жылдан баштап сугат сууга болгон төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- 1м3 берген сугат суунун баасы 0.04тый/м3 болуп бекитилсин;
- 50л суу менен сугарууда 43.2сом*4=173сом: башкача айтканда 24саатка 173сомго бекитилсин.
3. «Кара-Тагай» СПАнын жетекчиси Б.Бекмуратовго төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Жаз алды менен ички канал арыктарды тазалоо, кулактарды оңдоо, каналдардын жыртык тешиктерин оңдоо менен айыл тургундарына сугат суусу менен камсыздоо;
- Райондук суу чарба башкармалыгы менен биргеликте 2023-жылга керектелүүчү сугат суусуна өтүнмө берүү;
- Ички тартипти колго алуу;
- Бөлүнгөн сугат сууну өз алдынча жыгып алуу, кулактарга тийишүү, басып алган жарандарга акт түзүп мыйзам чегинде чара көрүү;
- Сугат сууну алган дыйкандарга талаасында болуусун көзөмөлдөө;
- Дыйкандар сугат сууну бүткөн күнү актыларга кол койдуруп, сугат суу акысын төктүрүү;
- Төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуу менен өзүн-өзү каржылоо деңгелине жеткирүү;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Б Кошалиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Нуркалый уулу. |