Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы

 

2023-жылдын 30-январы № XIII/IV

Сары-Ой айыл аймагындагы «Пионер Булак» ИСКАКБнын тарифтерин бекитүү жөнүндө

2023-жылдан 30-январындагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйындын №2 протоколун эске алып жана «Пионер Булак» ИСКАКБнын төрагасы М.Нааматбековдун сунушталган тарифтерин, талкуулап Сары-Ой айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    «Пионер Булак» ИСКАКБнын төрагасы М.Нааматбековдун ичүүчү таза сууга болгон тарифти көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.

2.    2023-жылдан баштап ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

 

№

Аталышы

Өлчөө бирдиги

Төлөм акысы (сом)

1

Үйүнө суу киргизилген тургундарга (счетчик менен)

1м3

22

2

Суу киргизилбеген тургундарга (жалпы колдонуучу калонка чоргосунан алгандарга)

1 адамга  1 айга

45

3

Мекемелерге, Мектеп, бала-бакча, ФАП ж.б

Келишим менен

Келишим менен

4

Калкка ичүүчү таза суу түйүндөрүнө кошулууга берилүүчү уруксаты

1 жолу

3000

 

3.    «Пионер Булак» ИСКАКБнын төрагасы М.Нааматбековго төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

-Өзгөртүлгөн тарифтер менен айыл тургундары менен келишим түзүү;

-Калкка толук таза суу менен камсыздоо;

-Үйлөрүнө киргизилген тургундарга суу эсептөөчө приборлорду орнотуу, уруксаат берүү;

-Эсептөөчү приборлоду койдуруудан баш тарткандарга (коммерциялык багытта) карата жеринде акт түзүлүп, суу берүү токтотулсун. Өз алдынча кайра кошуп алган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү;

-Төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуу менен өзүн-өзү каржылоо деңгелине жеткирүү;

-Ичүүчү таза сууну өз багытында колдонууга көзөмөл жүргүзүү; (көчөдөгү калонкалардан огород сугаруу, автомашина жуу, шланг кошуп ж.б иштерге орнотууга тыюу салуу)

-Тарифтерди КР Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Нарын облустук бөлүмү менен макулдашуу;

-Жыл сайын бюджети так эсептеп чыгып бекитирүү;

-Чейрек сайын ичүүчү суунун анализин санэпидтен өткөрүп туруу;

-Ар бир төлөөчүлөрдүн  эсептик бетин ачууну уюштуруу;

-Алынуучу төлөмдөрдү электрондук форматта жүргүзүүнү уюштуруу;

-Ичүүчү таза суу үчүн эсеп-билдирмени (показания) уюштуруу:

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Б Кошалиевке тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Нуркалый уулу