Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун айыл аймагынын айылдык  кеңешинин ХХХI чакырылышынын 1-кезектеги  сессиясы

 

2023-жылдын 27-февралы № 1/6

Учкун айыл аймагына караштуу “ Жашыл Учкун “муниципалдык ишканасынын алдында техсервис уюштуруу үчүн сунушталган долбоордук өтүнмөмөгө байланыштуу Учкун айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө.

Учкун айыл аймагындагы маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү “ мыйзамынын  39-беренесинин негизинде жана Учкун айыл аймагынын жалпы элдик жыйналышынын 24.02.2023-жыл № 1 протоколунун негизинде Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү сессиясы

 

токтом кылат :

 

1.Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Нарын облусунун Теңир Тоо өнүктүрүү фондусуна сунушталган Учкун айыл өкмөтүнө караштуу “ Жашыл Учкун “ муниципалдык ишканасынын алдында техсервис уюштуруу үчүн сунушталган жалпы наркы 35.000.000 ( отуз беш миллион ) сомдук долбоордун өздүк салымына  200.000 ( эки жүз миң ) сом акча каражаты Учкун айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

2.Акча каражат булагын камсыз кылуу жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Өмүрзаковго жана ФЭБ башчысы Ж.Эсенкановага тапшырылсын.

3.Токтомду веб сайтка жайгаштыруу Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы О.Омуралиевге милдеттендирилсин.            

 

Төрага

                                                                                                             А. Тостоков