САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 30-январы № XIII/II
Сары-Ой айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын тарифтерин шарттуу мал башына бекитүү жөнүндө
2023-жылдан 30-январындагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйындын №2 протоколун эске алып жана жайыт комитетинин төрагасы С.Боталиевдин сунушталган тарифтерин, талкуулап Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы С.Боталиевдин тарифти көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. 2023-жылдан баштап шарттуу 1мал башына болгон төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Жайыт пайдалануу акысы 1 баш (ШМБ)
№ | Мал түрү | Которуу коэфф | 1 баш ШМБ | баасы (сом) |
1 | И М М (Уй, топоз) | 1.0 | 1 | 90 |
2 | Майда жандык (кой,эчки) | 0.2 | 1 | 18 |
3 | Жылкы | 1.0 | 1 | 90 |
4 | Жаш бодо мал (торпок) | 0.7 | 1 | 63 |
3. Жайыт комитетинин төрагасы С.Боталиевге төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү;
- Мал санакты сапатуу уюштуруу;
- Жайыт акыларды толук көлөмдө чогултуу менен өзүн-өзү каржылоо деңгелине жеткирүү;
- Жыл сайын бюджети так эсептеп чыгып бекитирүү;
- Өз убагында көчүп конуу, коруктарды уюштуруу;
- Ички, ортоңку, алыскы жайыттарга баруучу жолдорду көпүрөлөрдү оңдоо;
- Жайыттарга мыйзамсыз пайдалануу, айдоо, тозуп алуу,курулуштарды болтурбоону көзөмөлдөө;
- Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде иш алып баруу;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Б Кошалиевке тапшырылсын.
Төрага | Р. Нуркалый уулу. |