ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз LIII сессиясы
2023-жылдын 3-февралы № 1
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин
жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жалпы кирешеси 33856,2 миң сомго, чыгашалар бөлүгү 37411,9 миң сом өлчөмүндө аткарылышы бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин: киреше жана чыгаша бөлүгүнө 36 794,8 миң сом өлчөмүндө анын ичинде: бюджеттик каражат 33 194,8 миң сом, атайын каражат 3 600,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Салык кирешелеринин көлөмү 32 254,8 миң сом, салык эмес кирешелердин көлөмү 4 540,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 46305,8 миң сом, 2025-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 48297,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | У. Жунушалиев |