Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз LIII сессиясы

2023-жылдын 3-февралы № 3

 

Тамак-аштын кымбаттап кеткендигине байланыштуу Чаек айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш менен  камсыз кылууда  ата-энелерден чогула турган  бир күндүк взностун өлчөмүн  44 сомдон 62 сомго көтөрүү жөнүндө    

Тамак-аштын кымбаттап кеткендигине байланыштуу Чаек айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш менен  камсыз кылууда  ата-энелерден чогула турган  бир күндүк взностун өлчөмүн  44 сомдон 62 сомго көтөрүү жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1. Тамак-аштын кымбаттап кеткендигине байланыштуу Чаек айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш менен  камсыз кылууда  ата-энелерден чогула турган  бир күндүк взностун өлчөмү  44 сомдон 62 сомго көтөрүлсүн.

2. Тамак-аштын кымбаттап кеткендигине байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн ата-энелер взносундагы көтөрүлгөн 18 сом Чаек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатынан төлөнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

У. Жунушалиев