1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2023-жылдын 14-апрели № 3/9
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 жарлыгын турмушка ашырууу жөнүндө
1-Май айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 жарлыгын турмушка ашырууда, 1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1 1-Май айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүүдө натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 жарлыгын турмушка ашыруу жагы колго алынсын;
2 Турмуш тиричилик калдыктарын кайра иштетүүдө, таштандыларды топтоого шарт түзүү үчүн, 1-Май айыл аймагынын Көк-Төбө айылынын Ачы участкасынан 8 гектар жер аянты ажыратылсын;
3 Ажек айылынан “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн жайылтуу максатында 1 га жер аянты ажыратылсын жана айлана-тегерегин тосуу иштерине, көчөттөрдү отургузуу иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратылып берилсин;
4 Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
5 Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;
6 Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |