Редакцияот 14.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

2023-жылдын 14-апрели № 3/11

Айры-Там айылынын жаранына материалдык жардам берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 6-апрелиндеги отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, 1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2023-жылдагы кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

1.  Жүрөк оорусунан жабыркаган Айры-Там айылынын тургуну Балтабаева Бактыгүлгө, 1-Май айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 000(жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;

 

2.  Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;

 

3.  Материалдык жардам сурап кайрылган жарандын турмуш-шарты менен жеринде таанышуу, айылдык кеңештин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо иштери боюнча адисине милдеттендирилсин;

 

4.  Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, 1-Май айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын;

 

1-Май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Кулуев