Редакцияот 15.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2023-жылдын 15-июну № 5/16

1-Май айыл аймагынын 2023-жылдын алты айлык жыйынтыгы менен кошумча план киргизүү жөнүндө

Ала-Бука районунун 1-Май айылдык аймагынын 2023-жылдын алты айлык жыйынтыгы менен кошумча план киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-июнундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, 1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2023-жылдагы кезексиз V сессиясы токтом кылат:

 

1.  2023-жылдын алты айдын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн киреше салыгынан 2000,0(эки миллион) сом, тоо кен тармагынан 2% төлөө 850,0(сегиз жүз элүү миң), лицензия кармоого берилген укук үчүн төлөөгө 6250,0(алты миллион эки жүз элүү миң) сом жалпы 9100,0(тогуз миллион бир жүз миң) акча каражаты кошулсун;

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;

 

3.  Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;

 

1-Май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Кулуев