КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 16- сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № 1
Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга аткарылган иштери жѳнүндѳ
Кууганды айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 16-сессиясына катышкан коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Кууганды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга аткарылган иштери жана кызматкерлеринин маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн каржы-экономика бѳлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Н.Кѳкталованын финансылык отчету “канааттандыралык” деп табылсын.
3. Аймактагы аз камсыз үй-бүлѳлѳргѳ жѳлѳк пул чегерүүдѳ, материалдык жардамдарды кѳрсѳтүүдѳ социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссия менен биргеликте иш алып барылсын.
4. Аймактагы аз камсыз үй-бүлѳлѳргѳ, жалгыз бой жана ДМЧ жарандарга кѳрсѳтүлгѳн материалдык жардамдар боюнча маалыматтарды айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы маалымат тактага жайгаштырылуусун камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Ф.К.Токушев |