Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 16- сессиясы

2023-жылдын 6-февралы № 2

Тѳш-булак лотогун жана ирригация системаларын оңдоо жѳнүндѳ

Кууганды айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 16-сессиясына катышкан депутаттар тарабынан коюлган протоколдук тапшырма менен, коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Кууганды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас райондук ѳнүгүү фонду тарабынан 2022-жылы каржыланган долбоорлор, Тѳш-булак лотогун жана ирригация системаларын оңдоо боюнча иштердин кийинки жылга калтырылып, бүтпѳй жаткандыгына байланыштуу, тендерден уткан компаниянын ѳкүлдѳрүн чакырып, депутаттар менен жолуктурууну уюштуруу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.

 

2.  Тѳш-булак лотогун жана ирригация системаларын оңдоо боюнча бүтпѳй жаткан иштерди жазгы сугат мезгилине чейин, сапаттуу бүткѳрүү жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ ѳзүмѳ калтырылсын.

 

Тѳрага:

Ф.К.Токушев