КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 16- сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № 3
ИСКАКБ “Таза суу” коомдук бирикмеси жѳнүндѳ
Кууганды айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 16-сессиясына катышкан коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып депутаттардын Кууганды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ИСКАКБ “Таза суу” коомдук бирикмесинин экс-жетекчилерин чогултуп, коомдук бирикме тарабынан резевдик фондго ар бир түтүндѳн ичүүчү суу киргизүүдѳ түшүүчү 2000 сомду тактап, иретке келтирүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
2. Айылдык кеңештин депутаттары, айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлери, аймактагы коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү, айылдын ичүүчү сууга карызы бар тургундарына жеринен, ватсап группаларынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ИСКАКБ “Таза суу” коомдук бирикмесине кѳмѳк кѳрсѳтүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ ѳзүмѳ калтырылсын.
Тѳрага: | Ф.К.Токушев |