Редакцияот 29.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын 9-кезексиз сессиясы

2022-жылдын 29-декбры  № 9/4

«Дисней» бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салымын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Кара-Суу айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  «Дисней» бала бакчасын дем берүүчү гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоорго, өздүк салымы үчүн 897 000 (сегиз жүз токсон жети миң) сом акча  каражатын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы жана 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбооруна киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

 

Ж.Иманкулов