Редакцияот 29.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын 9-кезексиз сессиясы

2022-жылдын 29-декбры  № 9/3

А.Капаров орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салымын кароо жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Кара-Суу айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. А.Капаров орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү гранттын долбооруна, өздүк салымы үчүн 1372700(бир миллион үч жүз жетимиш эки миң жети жүз) сом акча каражатын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы жана 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбооруна киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

 

Ж.Иманкулов