КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын 9-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 29-декбры № 9/2
Кара-Суу айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиешелүү иш кагаздарын бир айлык мөөнөттө талапка ылайык келтирүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагындагы көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты сактоо боюнча эрежелери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү тартипке жана эрежеге ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
Ж.Иманкулов |
БЕКИТИЛДИ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин
2022-жылдын 29-декабрындагы
№9/2 токтому менен
1-тиркеме
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби жөнүндө
§1. Жалпы жоболор жана терминдер
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби (мындан ары-тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
2. Тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.
3. Бул тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;
Компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы;
Көзөмөл - ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси; Мониторинг жана баалоо - башкаруу субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында 2 белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси; Милдеттенме - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар, жөлөкпулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдыктехникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;
Уюштуруу - жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;
Ыйгарым укук - мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;