Редакцияот 29.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын 9-кезексиз сессиясы

2022-жылдын 29-декбры  № 9/1

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Кара-Суу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш пландары 1-2-3-тиркемеге ылайык бекитилсин.    

2. Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин 2023-жылга карата иш планы  4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ж.Иманкулов

БЕКИТИЛДИ

 Кара-Суу айылдык Кеңешинин

 2022-жылдын 29-декабрындагы

      №9\1 токтому менен

      1-тиркеме

Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2023-жылга карата экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча иш планы

№

Туруктуу комиссиянын ишмердиги жана жыйналыштары

Туруктуу комиссиянын иш-чаралары жана жыйналыштары өтчү күн

Каралып жаткан маселелер боюнча иш-чаралар

Аткаруучу, АӨнүн атынан жооптуу адам

АК туруктуу комиссиясы жана туруктуу комиссиянын бул маселе боюнча жооптуу мүчөсү

Жыйынтык

Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренеси)

 

 

I квартал

 

 

1

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу

АӨ башчынын отчету

Январь

Айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.

 

АӨ башчынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык Кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.

 

АӨ башчысы

АК жооптуу туруктуу комиссия (айылдык Кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталган комиссия сессияда туруктуу комиссиянын корутундусу тууралуу баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)

2021-жыл үчүн АӨ башчынын отчетун кабыл алуу. Айылдык Кеңештин тескемесин кабыл алуу.

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун,  МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу.

 

2.

Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу)

Муниципалдык ишкананын отчету

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Январь

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу,катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жок кылуу,муниципиалдык менчиктин иштеши  маселелери боюнча маалыматты угуу:

- АӨ башчысы - калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча (канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу)  (муниципалдык ишкананын) жетекчиси ;

- калктуу конуштарды сугат суу менен камсыздоо жаатындагы мун. ишкананын жетекчисин;

- айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы.

Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга тарифти карап чыгуу жана бекитүү.

Муниципалдык менчикте турган  муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу.

АӨ башчы муниципалдык ишкананын

жетекчиси

АК агрардык маселелери боюнча, бюджеттик маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт

Айылдык Кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

 

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

 

3.

Инвестицияларды жана гранттарды тартуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Февраль

Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча АӨ башчысынын (бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдарды, демилгелүү топтордун, жамааттардын – макулдашуу боюнча) маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктарын угуу.

АӨ башчысы, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчилери (макулдашуу боюнча) жана башка кызыкдар адамдар.

АК бюджеттик жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)

Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык Кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат.

Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат.

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун,  МжБ топторунун, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу.

4.

Муниципалдык менчикти башкаруу

 

 

 

 

 

 

 

Февраль

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу.

Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуу.

Монополияга каршы орган менен макулдашуудан кийин муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланган башка юридикалык жана жеке жактар ​​тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү (зарыл болгон учурда). Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат.

АӨ башчысы

АК бюджеттик маселелери боюнча, агрардык маселелери боюнча  жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

Айылдык Кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун,  МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу.

 

II квартал

5

Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу

 

Июнь 

 

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча маалымат угуу:

- АӨ башчысы

- тийиштүү мекемелердин жетекчилери;

- АК туруктуу комиссиясынын төрагасы.

Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана муну каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо.

 

АӨ башчысы мекемелердин жетекчилери

АК бюджет боюнча туруктуу комиссиялары сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

АК токтом (тескеме) кабыл алат.

Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

 

III квартал

6.

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Август 

Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу:

- АӨ башчысынан (АӨ ФЭБ башчысынан),

- АК туруктуу комиссиясынын төрагасынан,

- башка кызыкдар адамдардан

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы), жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет.

Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт.

 

АӨ башчысы, ФЭБ башчысы

 

АК бюджет боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

АК жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу токтом кабыл алат.

Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

 

7.

Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелерин кароо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сентябрь  

Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдерин сактоо, жер казынасы маселелери боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:

- АӨ башчысынын - архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрүнүн (макулдашуу боюнча).

АК туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу.

Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда):

- Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо

- Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы;

- Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу;

- Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы.

Калктуу конуштардын башкы планын түзүү, муниципалдык жерлерге күбөлөндүрүүчү документтерди (мамлекеттик күбөлүктөрдү) аныктоо жана алуу маселелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана талкуулоо

АӨ башчысы АӨгө караштуу жер комиссияларынын төрагалары, архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

АК агрардык жана бюджеттик маселелер боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

 

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

 

 

 

 

IV квартал

 

8.

Мыйзамдын же ЧУА негизинде мамлекеттик органдардан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды АӨнүн аткаруусу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Октябрь 

Мыйзамдын же ЧУА негизинде мамлекеттик органдар өткөрүп берген ыйгарым укуктарды  кандай аткаргандыгы тууралуу АӨ башчысынын маалыматын угуу.

АКтын туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу.

Зарыл болгон учурда, ыйгарым укуктарды материалдык-финансылык, методикалык жактан камсыз кылуунун шарттарын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү жөнүндө шарттарын карап чыгуу, мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды жана сунуштамаларды берүү.

 

АӨ башчысы

АК бюджеттик маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

9.

Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары кийинки жылга карата иш пландарын бекитишет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Декабрь

 

2023-жылга иш планынын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын отчетторун угуу.

Айылдык Кеңештин токтомдорунун, тескемелеринин аткарылышына анализ жасоо, аткарылган тапшырмаларды көзөмөлдөн алып салуу.

АКтын төрагасынын орун басарынан, АКтын туруктуу комиссияларынын иши жана жылдын аягында өз милдеттерин талаптагыдай аткаруусу жөнүндө маалыматын угуу.

2024-жылга айылдык Кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 2024-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча АК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү.

АК төрагасынын орун басары,

АК туруктуу комиссиясынын төрагалары, АКтын жооптуу катчысы

АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.

 

Туруктуу комиссиялардын отчетторун бекитүү жөнүндө АКтын токтомун (тескемесин), 2024-жылга АКтын иш Планын, 2024-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын  кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары