Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

2023-жылдын 3-марты № 7

Айыл өкмөттүн карамагында турган техникаларга 2023-жылга карата жаңы келишим түзүү жөнүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз XXV сессиясынын

                                         

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.    Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган “HGMA HG 955 фронталдык погрузчиктин” айдоочусун тандоо үчүн аукционго коюлсун. Коюлуучу аукциондун баштапкы баасы 250 000 (эки жүз элүү миң) сом болуп бекитилсин.

2.    Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган “Экскаватор-погрузчик АМКОДОР 702 Emдин ” айдоочусун тандоо үчүн аукционго коюлсун. Коюлуучу аукциондун баштапкы баасы 25000 (жыйырма беш миң) сом болуп бекитилсин.

3.    Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы МТЗ-82.1 тракторунун айдоочусун тандоо үчүн  аукционго коюлсун. Коюлуучу аукциондун баштапкы баасы 14000 (он төрт миң) сом болуп бекитилсин.

4.    Техникалардын бузулган тетиктерин оңдоо жана сатып алуу айдоочулардын өздөрүнө милдеттендирилсин.

5.    Кара-Суу айыл аймагында  өзгөчө кырдаалдар учуру катталса же зарыл жумуш болуп калса, биринчи кезекте техникалар өкмөттүн жумуштарын аткарсын.

6.    Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

7.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы:

У. Жунусалиев