Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

VII-чакырылышынын XXIV- сессиясы

2023-жылдын 24-февралы  № 12

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылындагы №2 мектепке чейинки билим берүү  уюмунун  кайрылуусун  кароо  жөнүндө

 Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылындагы №2 мектепке чейинки билим берүү  уюмунун 20.02.2023-жылдагы №2 сандуу   кайрылуусу боюнча Күн-Чыгыш    айылдык Кенешинин депутаты А.Өмүрканованын билдирүүсүн   угуп   жана  талкуулап,  Күн-Чыгыш айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Бөкөнбаев айылындагы №1 мектепке чейинки билим берүү  уюмунун  жалпы ата-энелер чогулушунун 17.02. 2023-жылдагы №2 токтомуна ылайык,   бала бакчага болгон  ата-энелер төлөмү бир балага  айына  1000 (бир мин) сом өлчөмүндө толук төлөө (ооруп калган  күндөрүнөн сырткары) белгиленсин.

2.Токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысынын орун басары Б.Шыгаевага, көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комитетине   тапшырылсын.

 

Төрага

К. Карыпов