Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

VII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2023-жылдын 3-марты  № 18

Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча   жалпы республикалык тестирлөөдөн 180 балдан жогорку көрөсөткүчтү камсыз кылган   окуучуларга жана  айыл аймакта   туруктуу  түрдө  жашап,  иштейм деген  жаш  дарыгерлерге  айыл өкмөттүн  резервдик фондунан   баалуу белек  жана  акчалай сыйлык ыйгаруу жөнүндө

 

 Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча   жалпы республикалык тестирлөөдөн 180 балдан жогорку көрөсөткүчтү камсыз кылган   окуучуларга жана  айыл аймакта  туруктуу  түрдө  жашап,  иштейм деген  жаш  дарыгерлерге  айыл өкмөттүн  резервдик фондунан  баалуу белек  жана  акчалай сыйлык ыйгаруу боюнча  башчынын  милдетин аткаруучу   Б.Шыгаеванын маалыматын   угуп жана  талкуулап,   Күн-Чыгыш айылдык кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча   жалпы республикалык тестирлөөдөн 180 балдан жогорку көрөсөткүчтү камсыз кылган   окуучуларга жана  айыл аймакта   туруктуу  түрдө  жашап,  иштейм деген  жаш  дарыгерлерге  айыл өкмөттүн  резервдик фондунан   баалуу белек  жана  акчалай сыйлык ыйгаруу боюнча Жобо бекитилсин. Тиркеме  2 барак

2.Токтомдун  аткарылышын   камсыз кылуу  жагы  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Карыпов