КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
VII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 3-марты № 22
Калкты тейлөө борборун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы калкты каттоо департаментинин 09-06 аймактар аралык бөлүмүнүн 18.10.2022-жылдагы №161 сандуу кайрылуусун карап, Күн-Чыгыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32 беренесинин 4 пунктуна ылайык, “Кара-Ой” жаны конушунан 1000,0м2 жер аянты калкты тейлөө борборун куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2.Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин 06.12.2022-жылдагы №60 токтому жокко чыгарылсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага, көзөмөлдөө жагы жер комитетине тапшырылсын.
Төрага | К. Карыпов |