Редакцияот 04.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясы

2020-жылдын 4-сентябры №1

Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүү жөнүндө

Бешик-Жон айыл өкмөтүнөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына резервке талапкерлерди көргөзүү жөнүндө айыл өкмөтүн орун басары Г.Муркамилованын сөзүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерликке С.Жаркымбаев жана Н.Усенова документтери даярдалып, жөнөтүлсүн.

2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Этика жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы:

А. Масабиров