| Бекитилди” Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIIчакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын 2020-жылдын 6-ноябрындагы №2 токтому
|
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн алдындагы
«Бешик-Жон тазалык»
муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштелип чыгып, «Бешик-Жон тазалык» муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун, анын жалпы жобосун, структурасын жана ишкананын башкаруу тартибин, негизги максаттарын, функцияларын, укук-милдеттерин, жоопкерчилигин, башка уюмдар менен байланышын, кайрадан түзүү жана жоюлуу тартибин аныктайт.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
«Бешик-Жон тазалык» муниципалдык ишканасы (мындан ары - Муниципалдык ишкана) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү органдары тарабынан катталгандан кийин юридикалык жак статусуна ээ болот, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары белгиленген үлгүдөгү бланктары, өздүк эсепке, эсептик жана башка эсептерге ээ болот жана сот бийлигинде доочу жана жооптуу болуп чыга алат.
Муниципалдык ишкананын уюштуруучусу:
1. Бешик-Жон айылдык кеңешинин сессиясынын 2020-жылдын 6- ноябрындагы № 2 токтомунун негизинде, «Бешик-Жон тазалык » муниципалдык мекемеси, каттоо датасы ___________, каттоо номери _____________________, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айылы, А.Масабиров көчөсү .№ 4;
Муниципалдык ишкананын толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: « Бешик-Жон тазалык» муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие «Бешик-Жон тазалык»
Муниципалдык ишкананын кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Бешик-Жон тазалык» МИ.
Расмий тилде аталышы: МП «Бешик-Жон тазалык»
Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айылы, А.Масабиров көчөсү .№ 4;
Муниципалдык ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык кеңештин токтомдоруна, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн буйруктарына жана Ушул уставка ылайык жүргүзөт.
I. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ
2.1. Муниципалдык ишкананын негизги максаты муниципалдык заказдарды ишке ашыруу, Бешик-Жон айылдык аймагынын калкына кызматтарын көрсөтүү максатында төмөндөгү жумуштардын түрлөрүн аткарат:
- жеке жана юридикалык жактарга катуу тиричилик, курулуш жана өндүрүштүк таштандыларын ташып чыгаруу кызматын көрсөтүү;
- таштанды ташып чыгаруу боюнча башка айыл аймактагы жеке жана юридикалык жактар менен келишим түзүү, сапаттуу кызмат көрсөтүү, келишимдин шарттарын бузган учурда кызмат көрсөтүүчүлөргө жана керектөөчүлөрүнө тийиштүү чараларды көрүү;
- өткөрүлүп берилген тартипте айыл аймагындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык талаптарды сактоо;
- турмуш тиричилик калдыктарын үзгүлтүксүз чыгарып туруу жана таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдарды, тарифтик төлөмдөрдү чогултууну ишке ашыруу;
- ишкананын балансындагы баардык техникаларды эксплуатациялоо, техникалык жактан тейлөө жана өз учурунда оңдоо.
- айыл ичинде тургундарды ичичуу суу менен камсыздоо, ар бир кожолук менен өз ара эки тараптуу келишимдерди түзүү;
- айыл өкмөтү менен соц. объектилерди ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана таштандыларды ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүү аркылуу иш алып баруу;
- ичичуу суусун кое берүүнүн графигине ылайык колдонууга көзөмөл жана учет жүргүзүүнү камсыздоого;
- суу тармактарынын сакталышын камсыздоого;
- ичичуу суу системасын оңдоп түзөө, жол белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүү, жыл мезгилдерине ылайык колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- айыл аймагындагы санитардык коопсуздукту камсыздоо максатында тиешелүү иш чараларды уюштуруу;
- айыл аймагындагы коомдук аянттарды, тротуарларды, парктарды, стадиондорду, жолдорду, ирригациялык түзүмдөрдү тиешелүү ирээтте күтүү, тазалыгын камсыз кылуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү;
- айыл аймагындагы санитардык коопсуздукту камсыздоо максатында, жолбун иттерди, мышыктарды жок кылуу, жаныбарлардын өлүмтүктөрүн ташып чыгаруу жана зыянсыздандыруу боюнча иш чараларды уюштуруу;
- айыл аймагындагы массалык маданий жана саясий иш чараларды өткөрүүгө шарт түзүү.
III. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН УКУГУ
3.1. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн аткарууда төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Юридикалык жана физикалык жактар менен келишимдерди, контракттарды түзүү, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген мындан башка иш-аракеттерди жүргүзөт;
- Финансылык(каржы) операцияларын, өз карамагындагы мүлктөрдү жана акча каражаттарды колдонууну өз алдынча жүргүзөт;
- Өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнөн мыйзамдарга каршы келбеген киреше табат, түшкөн кирешелерди ишкананын ички ченемдик укуктук актыларынын негизинде пайдаланат.
- Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага алат:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирбеген учурда акы төлөнүүчү кызматтарды юридикалык жана физикалык жактарга,келишимдин негизинде көрсөтөт;
- Ишкананын материалдык базасын өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн кеңейтүү максатын көздөгөн фонд уюштурат;
- Учурдагы ишмердүүлүгүн жана келечектеги өнүгүүсүн өз алдынча пландаштырат;
- Муниципалдык ишкананын ишине тиешелүү маселелер боюнча сот органдарына доогер жана жоопкер катары катышат;
- Өз атынан мүлккө байланышкан же мүлккө байланышпаган жеке укуктарга ээ боло алат жана ишке ашырат.
3.2. Муниципалдык ишкана расчеттук, валюталык жана башка эсептерди ачат. Чарба маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууну жана түшкөн пайдаларды бөлүштүрүүнү өз алдынча жүргүзөт;
3.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Муниципалдык ишкана өзүнүн милдеттемелерине карата өз менчигиндеги мүлктөрү жана каражаттары менен жоопкерчилик тартат. Муниципалдык ишкана уюштуруучунун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
3.4. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн Бешик-Жон айыл аймагынын талаптарына, ушул уставга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт;
IV. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ЭСЕП-КЫСАБЫ
4.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бухгалтердик жана оперативдүүлүк эсептерди жүргүзөт, белгиленген формада статистикалык эсеп жүргүзөт жана анын тактыгына жоопкерчиликтүү болот.
4.2. Муниципалдык ишкананын чарбалык жана каржылык иш-аракеттери Бешик-Жон айыл өкмөтү жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлгө алынат.
4.3. Муниципалдык ишкананын балансындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү эсептен чыгаруу, жараксыз деп табуу, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешип түзгөн комиссиясынын чечимине ылайык, айылдык кеңеш тарабынан бекитилген тартипте жүргүзүлөт.
V. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ БАШКАРУУ
5.1. Муниципалдык ишкананын жогорку органы болуп, Бешик-Жон айыл өкмөтү саналат.
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн компетенцияларына төмөнкү маселелер кирет:
- Муниципалдык ишкананын уставын жаңы редакцияда бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Муниципалдык ишкананын учурдагы жана келечектеги өнүгүү пландарын бекитүү;
- Муниципалдык ишкананын директорун айылдык кеңешинин макулдугу менен кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу;
- Директордун сунушу боюнча, муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн бекитүү;
- Муниципалдык ишкананын башка юридикалык жактарга катышуусуна жана мүчө болуп кирүүсүнө макулдугун берүү;
- Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык эсеп-кысабын бекитүү;
- Мамлекеттик сатып алуу боюнча келишимдерди бекитүү;
- Айылдык кеңешинин макулдугу менен Муниципалдык ишкананы кайра түзүү жана жоюу;
- Аудитордук текшерүүнү жүргүзүү, Муниципалдык ишкананын бардык документтерин текшерүүгө, ошондой эле ишмердүүлүктүн мыйзамга жана уставга жооп берүүсүн текшерүүгө, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле баланстык эсеп-кысабын талап кылууга укуктуу.
5.2. Муниципалдык ишкананын аткаруучу органы болуп, анын директору саналат.
5.3. Муниципалдык ишкананын башкы бухгалтерин, ишкананын директорунун сунушу менен, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы дайындайт жана бошотот.
5.4. Муниципалдык ишкананын директорунун компетенциясы:
- Директор, өзүнө берилген укуктардын, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын чегинде Муниципалдык ишкананын чарбалык иш-аракетин уюштурат.
- Муниципалдык ишкананын учурдагы жана келечектеги өнүгүү пландарын түзөт жана ишке ашырат;
- Ишкананын ишмердүүлүгүнүн сапаттуу жана тийиштүү формада аткарылышына, анын ичинде ишкананын отчеттук маалыматтарынын тууралыгына, чарбалык иштин нормаларынын сакталышына жеке жоопкерчиликте болот;
- Өз компетенциясынын алкагында буйруктарды жана башка чечимдерди чыгарат, алардын аткарылышын текшерет;
- Муниципалдык ишкананы башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде, коомдук уюмдарда ишеним каты жок өкүлчүлүк кылат;
- Муниципалдык ишкананын атынан ушул уставдын 5.1 бөлүгүнүн 7-пунктуна көрсөтүлгөн учурдан башка келишимдерди, контракттарды түзөт;
- Муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн, анын структурасын бекитүүнү Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына сунуштайт;
- Муниципалдык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, ошол эле учурда контрактык негиздегилер менен дагы иш алып барат;
- Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин айлык акысынын өлчөмүн жана анын төлөө формасын аныктайт;
- Муниципалдык ишканадан чыккан документтерге биринчи болуп кол коет;
- КРнын мыйзамдарына жана ушул Уставка ылайык Муниципалдык ишкананын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
VI. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ МҮЛКҮ
6.1. Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Бешик-Жон айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүп берилген жана балансында турган кыймылсыз, кыймылдуу жана жүгүртмө каражаттары ишкананын мүлкү болуп саналат. Иштетилиши жана сакталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүн жана ишмердүүлүгүн каржылаган булактарга төмөндөгүлөр кирет;
- Бешик-Жон айыл өкмөтү өткөрүп берген мүлк жана башка каражаттар;
- Көрсөтүлгөн кызматтарынан жана башка иш-аракеттеринен түшкөн каражаттар;
- Мамлекеттик, чет-өлкөлүк мекемелер, коомдук, коммерциялык, юридикалык жана жеке тараптардан демөөрчүлүк катары түшкөн материалдык жана акчалай каражаттар;
- Ишкананын карамагында турган муниципалдык мүлктү (маданий, спорттук, жарнамалык ж.б.) пайдалануудан, массалык иш чараларды уюштуруудан, дөмөөрчүлүк иш чаралардан, лекция, көргөзмө, аукцион жана башка иш – чараларды өткөрүүдөн түшкөн каражаттар;
- Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттар;
- Муниципалдык ишкананын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн пайдаланууга, ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар;
- Мыйзам менен тыюу салынбаган башка кирешелер.
6.4. Муниципалдык ишкана, өзү көрсөткөн кызматтардан жана башка иш-аракеттерден түшкөн каражаттарды, Уставта көрсөтүлгөн маселелерди чечүү жана тийиштүү фонддорду түзүү үчүн өз алдынча бөлүштүрө алат.
VII. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН МАМИЛЕСИ
7.1. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана ишкананын жумушчуларынын эмгектик укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, ушул Устав, ички ченемдик укуктук актылар жана эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.
7.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүнө ишкананын кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эмгек келишимдин (контрактын) негизинде материалдык жоопкерчилик тартат.
7.3. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери ишкананын директору тарабынан бекитилет.
VIII. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ИШ-АРАКЕТИН ТОКТОТУУ
8.1. Муниципалдык ишкананын жоюулушу жана кайрадан түзүлүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
8.2. Муниципалдык ишкананын жоюу, кайрадан түзүү айылдык кеңешинин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
8.3 Муниципалдык ишкананын жоюулушу жана кайрадан түзүлүшү юридикалык жактардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине тийиштүү маалымат киргизилгенден кийин, ишкана жоюлган же, кайрадан түзүлгөн болуп саналат.
8.4. Муниципалдык ишкананын иш кагаздары Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонд» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аткарылып жана тийиштүү мекемеде сакталат.
Директор: | Тургубаев Орозобек |