Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2018-жылдын 28-марты № XX-01
Аксакалдар сотунун төрагасын бекитүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында ар кандай талаш тартыш, пикир келишпестик, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды өз убагында мыйзам чегинде чечүү үчүн Аксакалдар сотунун төрагасы жана аксакалдар сотунун курамын түзүү боюнча Айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы болуп Сыдыков Молдош бекитилсин.
2. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү төмөндөгү курамда бекитилсин:
1. Ташполотова Жумакан - айыл тургуну, мугалим
2. Пазылов Кадырали - айыл тургуну, пенсионер;
3. Аширов Эрмек – айыл тургуну, пенсионер;
4. Таджибаев Камчы - айыл тургуну, пенсионер
3. Бекитилген комиссия курамына айыл өкмөтүнүн аймагында ар кандай талаш тартыш, пикир келишпестик, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды өз убагында мыйзам чегинде чечүү жагы милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А. Раев |