Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2018-жылдын 28-марты № XX-02
Сыдыков Молдошко «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы Сыдыков Молдош бир топ мамлекеттик кызматтарды иштеп келе жатат. 2006-жылдын 2012-жылга чейин айыл башчы кызматында, 2012-жылдан ушул күнгө чейин аксакалдар сотунун төрагасы 2009-жылдан ушул күнүнө чейин Жайыт комитетинин инспектору кызматын аркалап келүүдө. Айыл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди өз убагында чечүү менен мыйзам чегинде жооп берет. Ар кандай чыр-чатактарды, пикир келишпестиктерди жана үй-бүлө маселесин чечүүдө мыйзамдын чегинде иш алып барып, ар кандай маселени өз убагында чечип келе жатат. Жарандардан түшкөн арыздарды өз убагында карап, тийиштүү жообун берет. Чечим чыгарууда айкөлдүк, чынчылдык менен чечим чыгарып келүүдө. Айыл арасында абийри жогору. Ар кандай маселе боюнча жарандар кайрылып тийиштүү жообун алышат. Аткарган жумуштарынын негизинде Ардак Грамоталарыналган. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министри Мелис Турганбаевдин колун Ардак Грамота алган. Ошондуктан Сыдыков Молдоштун аткарган эмгегин эске алуу менен Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн тургуну сыдыков Молдошко «Ардактуу Атуул» наамы берилсин.
Төрага |
А.А. Раев |