Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2018-жылдын 10-майы № XXI-05
Калкты турак-жай менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн жерди трансформациялоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы башкы планы жок калктуу конуштардын башкы планын бекитүү, айыл өкмөттүн аймагындагы 43 га жер аянтын калктуу конушка которуу үчүн тиешелүү иш кагаздарды даярдоо, топографиялык сьемка жүргүзүү, калктуу конуштардан чыгаруу үчүн таштанды таштоочу жайларга жер аянттарынын иш кагаздарын даярдоо боюнча күн тартибиндеги коюлган масчелени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Калкты турак-жай менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн жерди трансформациялоо боюнча иш-чаралар планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткаруу көзөмөлүн айылдык кенештин жооптуу катчысы Ж.Торокановага милдеттендирилсин.
Көк-Бел айылдык Кеңештин төрагасы |
А. Раев |