Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 22-августу № XXII-02
ПРООН тарабынан аткарылуучу жумуштарга уруксат берүү жөнүндө
2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Аймактарды Өнүктүрүү» жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу, айыл өкмөткө инвестиция тартуу максатында 977 514 (тогуз жүз жетимиш жети миң беш жүз он төрт) сом болгон ПРООНдун «Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү» биргелешкен долбоорунун алкагында элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөттүн Ак-Булак участкасындагы суу көлмөсүнө хлоратор куруу жана К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебине таза суу линиясын тартып келүү үчүн жогорудагы жумуштарга уруксат берүү максатында Көк-Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ПРООНдун «Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү» биргелшкен долбоорунун алкагында элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөттүн Ак-Булак участкасындагы суу көлмөсүнө хлоратор куруу жана К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебине таза суу линиясын тартууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А. Раев |