Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2018-жылдын 5-октябры № XXIII-04
2018-жылдын 12 ай ичинде киреше салыгынан берилген план тапшырмадан ашыкча түшкөн акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
2018-жылдын 12 айында Ноокат райондук салык башкармалыгы тарабынан берилген киреше салыгы боюнча план тапшырмадан ашыкча түшкөн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын айыл өкмөттүн бюджетине бекитип берүү жөнүндөгү күн тартибинде коюлган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Киреше салыгы боюнча план тапшырмадан ашыкча түшкөн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөттүн өздүк бюджетине бекитилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.А. Раев |