Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2018-жылдын 5-октябры № XXIII-05
Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү Грантынан каржылануучу проекке акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Аймактарды Өнүктүрүү» - жылы деп жарыяланган Жарлыгын жумушка ашыруу максатында Көк-Бел айыл элинин коопсуздугун алдын ауу жана элге жагымдуу шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Түрткү берүүчү грантынан эсебинен каржылануучу Көк-Бел айыл өкмөтүнүн кире бериш жеринин 3 км аралыктагы жерди жарыктандыруу максатында Көк-Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Бюджетинин түрткү берүүчү грантынан каржылануучу айыл өкмөтүнүн кире бериш жериндеги 3 км жерди жарыктандыруу үчүн айыл өкмөттүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 297159 (эки жүз токсон жети миң бир жүз элүү тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.А. Раев |