Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2019-жылдын 23-майы № XXVIII-01
Кызыл – Таш участкасындагы жайытжерин тосуугу уруксат берүү жөнүдө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Көк-Бел айылындагы Кызыл-Таш участкасындагы кооптуу деп саналган Тескей жайытынан 85/18,76 контурунун 7 га жер аянтын элдин коопсуздугун алдын алуу жайыт жерлердин эррозияга учуроосун алдын алуу жана «Аймактарды өнүктүрүү жана санарипшетирүү» жылына карата иш алып бару максатында күн тартибине коюулган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Көк-Бел айылындагы Кызыл-Таш участкасындагы кооптуу деп саналган Тескей жайытынан 85/18,76 контурунун 7 га жер аянтын тосууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
А.А. Раев |